Соңку суткада канча адам коронавируска кабылганы жарыяланган жок

Окуялар тизмеги 19 Июл 2020 15:00
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-июль күнү алгачки ирет Кыргызстанда коронавирус боюнча статистика маалыматтары жарыяланган жок. Себеби да түшүндүрүлгөн жок.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты республикалык штаб берерин айтты. Ыкчам штаб болсо маалымат толукталып жатканын, кечирээк берилерин билдирди.

Бирок 19-июль, саат 15.00гө карата Кыргызстанда акыркы суткада канча адам коронавирусту жугузуп алганы белгисиз бойдон калууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, бир суткада илдетке кабылган 1264 адам катталган, COVID-19 вирусун жугузуп алган 73 бейтап көз жумган.

Өлкө боюнча жалпы коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандардын саны 25 миңден ашты, пандемия башталгандан бери бул илдеттерден көз жумгандардын саны 858 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.