Ошто дагы бир милиция кызматкери коронавирустан кайтыш болду

Окуялар тизмеги 19 Июл 2020 21:05
0 ой-пикир

Бүгүн, 19-июлда жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча дагы бир кызматкери коронавирустан каза тапты.

32 жаштагы милициянын ага лейтенанты Чыңгызбек Оморов кызмат учурунда илдетти жугузуп алганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан. Тилекке каршы, COVID-19 вирусу дагы бир жанды алып кетти.

«Мындай кызматкерди жоготуу, анын жакындары жана кесиптештери үчүн аябай оор сокку болуп, кыйын кырдаалда турабыз. Мен Оморов Чыңгыз Мизамидиновичдин бардык жакын туугандарына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын атынан чын дилимден көңүл айтамын. Бекем кайрат тилеймин. Оорду толгус жоготуу. Баарыбыздын көңүлүбүздү оорутуп, кесиптешибизди жамандыкка кыя албай турабыз. Чынгызбектин жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала бермекчи», -дейт Ош ШИИБнын башчысы Мурат Боронов.

Буга чейин, 9-июлда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров да аталган илдеттен каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.