Ошто милиция кызматкери коронавирустан каза болду

Окуялар тизмеги 09 Июл 2020 17:09
0 ой-пикир

Бүгүн, 9-июлда жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров ооруканада каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, Улукбек коронавирусту жугузуп алганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан.

Көз жумган милиция кызматкери Оштогу белгилүү журналист Хулкар Исамованын жолдошу.

Elgezit.kg редакциясынын жамааты көңүл айтуу менен, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.