Бүгүн, 19-июлда жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча дагы бир кызматкери коронавирустан каза тапты.
32 жаштагы милициянын ага лейтенанты Чыңгызбек Оморов кызмат учурунда илдетти жугузуп алганы аныкталып, ооруканада дарыланып жаткан. Тилекке каршы, COVID-19 вирусу дагы бир жанды алып кетти.
«Мындай кызматкерди жоготуу, анын жакындары жана кесиптештери үчүн аябай оор сокку болуп, кыйын кырдаалда турабыз. Мен Оморов Чыңгыз Мизамидиновичдин бардык жакын туугандарына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын атынан чын дилимден көңүл айтамын. Бекем кайрат тилеймин. Оорду толгус жоготуу. Баарыбыздын көңүлүбүздү оорутуп, кесиптешибизди жамандыкка кыя албай турабыз. Чынгызбектин жаркын элеси түбөлүккө анын жакындарынын, кесиптештеринин эсинде сакталып кала бермекчи», -дейт Ош ШИИБнын башчысы Мурат Боронов.
Буга чейин, 9-июлда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаары боюнча улук инспектору Улукбек Умаров да аталган илдеттен каза болгон.