Ошко Новосибирсктен мекендештер жөнөткөн гуманитардык жардам келди

Окуялар тизмеги 19 Июл 2020 09:49
0 ой-пикир

Ош шаарына Новосибирсктен 175 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул каттам менен кыргызстандык кесиптештерине коронавирус жана пневмония ооруган бейтаптарды дарылоого жардам берүү үчүн ыктыярдуу түрдө 2 мекендеш — медицина кызматкери келген.

Ошондой эле бул каттам менен Россияда эмгектенген мекендештер жөнөткөн жалпы суммасы 198 миң рубль болгон медициналык дары-дармек жана каражат түрүндөгү гуманитардык жардам келген.

«Чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», — деп билдиришти министрликтен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.