Россиядан кезектеги гуманитардык жардам келет

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 16:02
0 ой-пикир

Россия Федерациясынын гуманитардык жардамы өлкөгө жакынкы убакта жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Россиялык тарап гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, 5 көчмө рентгенаппарат, 6 ультра үн жабдуусу жана жеке коргонуучу каражаттарды (0,5 млн хирургиялык беткап) берет.

Бул тууралуу 2020-жылдын 17-июлунда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагындагы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.