Пневмония менен ооруп жаткан Текебаевдин абалы айтылды

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 14:25
0 ой-пикир

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин абалы кандай экендиги айтылды. Бул тууралуу адвокат Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Юристтин айтымында, саясатчынын абалы жакшырган. Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаева пневмония оорусуна чалдыгып, бир нече күндөн бери ооруканада дарыланып жаткан.

«Өмүрбек Чиркешович жакшы болуп калды, бирок, тилекке каршы, сатурациясы тиешелүү нормадан төмөн болууда. Ал эми жубайы ооруканадан чыгып, үйүнө кайтты», — деди Афиджанов.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 25047ге (пневмонияны эсепке алганда) жетти. Алардын 858и каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.