Бир суткада эки дарыгер кайтыш болду. Бири саламаттык сактоо министринин экс-орун басары

Окуялар тизмеги 18 Июл 2020 15:35
0 ой-пикир

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Бейшекан Калиева 17нен 18-июлга караган түнү дүйнөдөн кайтты.

Калиева Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары (1994-ж), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, (1996-1998-жж), Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору болуп эмгектенген.

1992-жылы «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги» наамы, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери» наамы ыйгарылган.

Пневмония оорусу дагы бир дарыгердин өмүрүн алды. 17-июль күнү медицина илимдеринин кандидаты, микрохирург Бакыт Өмүрзаков көз жумду.

Ал улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө, баланы жана энени коргооборборунда, ал эми соңку учурда “Доктор Өмүрзаковдун медициналык борборунун” башкы дарыгер-хирургу болуп эмектенип келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.