Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Бейшекан Калиева 17нен 18-июлга караган түнү дүйнөдөн кайтты.
Калиева Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары (1994-ж), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун биринчи директору, (1996-1998-жж), Саламаттыкты сактоо мектептеринин улуттук координатору болуп эмгектенген.
1992-жылы «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун отличниги» наамы, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери» наамы ыйгарылган.

Пневмония оорусу дагы бир дарыгердин өмүрүн алды. 17-июль күнү медицина илимдеринин кандидаты, микрохирург Бакыт Өмүрзаков көз жумду.
Ал улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө, баланы жана энени коргооборборунда, ал эми соңку учурда “Доктор Өмүрзаковдун медициналык борборунун” башкы дарыгер-хирургу болуп эмектенип келген.
