Тажикстан Кыргызстан менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 10:35
0 ой-пикир

Тажик бийлиги коронавирустун сырттан келишинин алдын алып Кыргызстан менен чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү.

Бул тууралуу Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун акими Зариф Назири билдирди.

«21-апрелде чек ара жабылгандан кийин транспорт каражаттары өтпөсүн деп 17 көзөмөл-өткөрмө бекеттин тушуна аңгектерди казганбыз. Андан соң жарандар өз алдынча Кыргызстандын аймагына өтүп, андагы май куюу жайларынан бензин сатып албасын деп 250 видеокөзөмөл камераларын орноттук. Азыр чек ара күнү-түнү көзөмөлдө болот» — дейт район жетекчиси.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, эки өлкөнүн Хожент-Исфара жолунун ортосунан өткөн чек ара бөлүгүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Алар өз аймагында жүргөн коңшу өлкөнүн жарандарын кармап, 14 күндүк карантинге алууда.

Кыргызстандын Лейлек району менен чектешкен Бобожон Гафуров районунда апрелдин аягынан бери 234 тургундан коронавирус табылып, төрт бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.