«Семетей» обсервациясындагы жабдуулар ташылып кеткен жок. ӨКМден төгүндөө

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 14:27
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда «Семетей» госпиталындагы медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатышат» деп жарыяланган видео чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

«Видеодогу жүк ташуучу унаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпиталынын жандандыруу бөлүмү жайгашкан имаратка ташып бараткан. Кампада СИПАП деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгон. Министрликтин кызматкерлери жабдууларды текшерип көрүп, жандандыруу бөлүмгө орноштуруп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден соолугуна кам көрүп жатышат» , — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандардан өлкөбүздөгү кыйын кырдаалды эске алып, билип-билбей туура эмес маалымат таратпоону суранат.

Эскерте кетсек, буга чейин интернетке видео тарап, анда «Семетей» госпиталындагы жабдыктар өкмөт башчы Боронов кеткенден кийин кайра ташылып кетти деп талкууга алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.