Бишкекте үчүнчү түнкү стационар уюшулду

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 18:15
0 ой-пикир

Бүгүн Октябрь районун аймагындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанында түнкү стационар уюшулду. 45 орунга ылайыкташтырылган бейтапкана «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.

Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны. Мында жалпысынан 220 орун бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.