ЖРТ: өлкө боюнча эң жогорку упайды Алайдын кызы алды

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 17:05
0 ой-пикир

Бул жылы Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди

Маалыматка караганда, эң жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алды. Анын баллы — 229.

Өлкө боюнча ЖРТда жогорку көрсөткүчкө жеткендердин тогузу орто мектепти аяктаса, калгандарынын бардыгы лицей жана гимназияларды бүтүргөн. Алтын сертификатка татыгандардын көпчүлүгү борбор калаадагы мектепте окугандар:

  • Бишкек шаары – 28
  • Ош шаары — 3
  • Чүй облусу – 6
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу – 2
  • Баткен облусу – 6
  • Ысык-Кѳл облусу – 4
  • Нарын облусу – 1
  • Жалал-Абад облусу -1

Эске сала кетсек, былтыр 59 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.