Шайлоо-2020: чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогу түзүлдү

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 09:47
0 ой-пикир

Чет өлкөлөрдө шайлоо комиссияларынын курамын түзүү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, Кыргызстандын аймагынан тышкары 42 шайлоо участогу түзүлдү.

Азыркы учурда ушул шайлоо участокторунун курамы жана резервдери түзүлүп жатат. Шайлоо комиссияларынын курамдары чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргызстандыктардан, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин кызматкерлеринен түзүлүшү каралган.

Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун резервдерине талапкерлерди тандоодо жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле шайлоо кампанияларына, коомдук турмушка катышкан тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

Тиешелүү документтер Бишкек территориялык шайлоо комиссиясында 2020-жылдын 24-июль саат 18.00гө чейин, анын ичинде электрондук түрдө да кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.