Назаралиев: “Жарандардын коопсуздугун сактоого салым кошуп жатканыма сыймыктанам

Окуялар тизмеги, Статьялар 16 Июл 2020 13:16
0 ой-пикир

Балалык кыялы менен чоңойгондо мал доктур болгусу келген маектешибиз Чүй РИИБдин башчысынын орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Асылбек Назаралиев учурда милициянын майору. “Тагдыр мени милиция кызматкери кылбаса сөзсүз мал доктур болмокмун” — деген Асылбек Исманбекович, азыр деле чарба иштерине кызыгат. Асыл тукум малдарды багып, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды тигип, жашылдандырганды жактырат. Бош убактысын мына ушундай нерселерге арнаганды каалаган маектешибиз учурдагы аткарган кызматы, бала чагы, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

— “Өмүр көчү балалыктан башталат” дегендей, менин бала чагымдын бактылуу учурлары да дал ушул Чүй районунда өттү. Сары өзөн Чүй жергеси менин кичи мекеним. Эмнегедир бала күнүмөн малга жакындык жайым бар. Ошол себептенби айтор кичинекей кезимде малдарды дарылаган доктур болгум келе берчү. Кийин эр жетип, акыл-эс кире баштагандан баштап мал доктур болом деген оюм өзгөрүп, милиция кызматкери болууну каалай баштадым. Оюмдун өзгөрүшүнө күч органдарында иштеген агаларым себеп болду. Алардын аткарган кызматын, жетишкендиктерин көрүп, кийген форма, погондоруна кызыгып ушул тармактын адамы болгум келди. Райондогу №15-орто мектепти аяктагандан кийин ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы академиясына тапшырдым. Ошентип учурда сүйүктүү ишим менен алек болуп, ошол күндөн бери форманын кадырын билип, сыймыктануу менен ардактап кийип жүрөм.

Дарак бир жерден көгөрөт деп бекер айтылбаптыр

— 2009-жылы КРнын Ички иштер академиясын аяктап, ошол эле жылы ушул Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук тартип сактоо бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүсү болуп дайындалдым. “Дарак бир жерден көгөрөт” деп бекер жерден айтылбаптыр, ошол 2009-жылдан бери ушу Чүй районунда эмгектенип, бир катар жетишкендиктерге жеттим. Тактап айтканда, аймактык тескөөчүдөн кийин ыкчам кызматкер болдум. Андан кийин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ага опер кызматкери болуп дайындалдым. Анан азыркы криминалдык милициянын оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу багыты боюнча улук ыкчам кызматкери болуп кызмат өтөдүм. 2017-жылы Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн «Искра» айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болдум. Ал жерде 2019-жылга чейин иштеп, анан азыркы жумушума которулуп кеттим. Бүгүнкү күндө Чүй РИИБнин начальнигинин орун басарымын. Аны менен катар эле коомдук коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп келем. Мен иштеп жаткан багыт коомдук-коопсуздукту камсыздоо. Биз жарандардын коомдук жайларда коомдук тартипти сакташына, коомдук тартипти бузбашына жана кылмыш-кырсык окуяларын болтурбоого, алдын алуу иш-чараларын кылганга багыт кылабыз.

Өз ишин жакшы билген адистер иш алып барат

— Чүй РИИБнин азыркы учурдагы материалдык-техникалык абалы жаман эмес. Иштөөбүзгө керектүү болгон иш бөлмөлөр, кеңселер жана кеңсе каражаттары жетиштүү. Бардыгын күнүгө текшерүүгө алып, бузулганын оңдотуп, ушул бөлүмдө иштеген кызматкерлерге иштөө шарттарын түзгөнгө жетекчилик менен биргеликте дайыма көзөмөлгө алып, аракет кылып турабыз. Мен Чүй РИИБси менен сыймыктанам. Анткени облуста жакшы кадыр-баркка ээ, өз орду бар райондук ички иштер бөлүмү болуп саналат. Имараты жаңы, таза. Сылык жана өз ишин жакшы билген адистер иш алып барат. Кызматтык автоунаалар өз убагында текшерүүдөн өтүп турат. Эскирген формаларды биздин чарба кызматкерлерибиз убагы менен карап, алмаштырып турат. Автоунааларды дайыма күйүүчү май менен жана тиешелүү каражаттар менен камсыз кылат. Эртең менен ишибиз дайыма нускамаларды өткөрүү менен башталат. Чүй районунун аймагында болуп жаткан кылмыш, жорук жана укук бузууларга чыкканда Чүй РИИБнин ыкчам тергөө тобу тез арада жана профессионалдуу түрдө аткарылышына биз талап коюп, нускамаларды өткөрүп, көзөмөлдөп турабыз. Менин оюмча Чүй РИИБси абдан жакшы иштерди алып барып жатат.

Мал жана батир уурулуктары арбын

— Милициянын социалдык абалы мурункуга салыштырмалуу аябай эле жакшырды. Президентибиздин Жарлыгы менен кыргыз милициясынын айлык маянасы көбөйүп, муктаж болуп жаткан жана батирде жашаган кызматкерлерге кошумча акча төлөнүп, материалдык жактан керектелүүчү акчалар менен каржыланып, айтор мамлекетибиз колунан келишинче жардамын берип жатат. Бардыгыбызга белгилүү кызматтык үйлөрдү берди. Ал жерде биздин да кызматкерлер жашап жатышат. Азыркы учурда менин оюмча милиция кызматкерлеринин социалдык абалы күн сайын жакшырууда. Мындан ары да жакшыра берсе деп ойлойм. Буюрса жакшы жетишкендиктерге жетебиз жана кыргыз эли үчүн кызмат кыла беребиз. Учурда Чүй райондук ИИБдө жалпы 82 кызматкер иш алып барат. Негизинен кызматкерлердин социалдык абалы жакшы. Мындан да жакшырат деген үмүттөбүз. Чүй районунун өзүнүн кылмыштуулук боюнча классификациясы бар. Айыл жери болгондуктан, бизде мал жана батир уруулуук фактылары көп кездешет. Андан башка деле чоң резонанс жараткан кылмыштар Кудай сактасын жок.

Ар бир кызматкерим өзгөчө

— Мен аймактык тескөөчүлөрдүн жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, жол коопсуздугун кароочу МАИ кызматкерлеринин алдын алуу иштерин жакшы жана сапаттуу жүргүзүү боюнча талап коем. Анткени кылмыштуулук, укук бузуучулук жана кырсыктардын басымдуусу ушул ар бир жарандын мыйзам билбегендигинен жана шалаакылык мамилесинен келип чыгат. Ошол себептен кызматкерлерибиз ар бир жашы жете элек өспүрүмгө, ар бир жаранга жана ар бир айдоочуга мыйзам чегинде туура жүрүүгө, жаман нерселерден алыс болууга үндөп, түшүндүрүү иштерин жүргузүп турат. Мына ушундай ар бир кызматкердин жүргүзүп жаткан иштеринин сапатын, багытын ар дайым карап, көзөмөлгө алам. Өздүк курамда ар бир кызматкердин өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Ар бир кызматкердин тилин таап, ар биринин мүнөзүнө жараша мамиле жасаганга аракет кылам.

Балам дарыгер болгусу келет

— Бир баланын атасымын. Милиция кызматкери болгондуктан, көпчүлүк убактым жумушта өтөт. Ошентсе баламдын тарбиясы менен өзүм алектенгенге аракет кылам. Атам дагы дайыма “эркек баланы ата тарбиялаш керек” деп айтып калат. Уулумдун милиция кызматкери болушун каалайм. Анткени жаман иш эмес. Бирок, чоң атасынын дарыгер болсо деген изги тилеги бар. Балам өзү да дарыгер болгусу келет. Ар бир адам өзүнүн түбөлүк иштей турган кесибин өзү тандап алышы керек деген ойдомун. Анткени сүйүп тандап алган иштен майнап чыгат. Ошондуктан өз каалоосу боюнча дарыгер кылууга аракет кылам. Өзүм милиция кызматкери болуп иштегениме өкүнмөк турсун, тескерисинче абдан сыймыктанам. Анткени милиция кызматкерине муктаж болгон ар бир жаранга жардам берүү дагы жакшы иш. Кыргыздар “ар бир кесип ардактуу” дешет эмеспи, ошол себептен милиция кызматкери болуп, кыргыз элиме кызмат кылганыма, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоого салым кошуп жатканыма сыймыктанам. Мени ушул даражага жеткирген ата-энем деп ойлойм. Андыктан, ушул кишилердин кадыр-баркына жетип, сыйлай алсам бактылуумун. Бош убактымда кадимки кыргыз баласындай эле мен дагы ат мингенди жактырам. Тоолуу жерде ат минип, мергенчилик кылган жана улак тартып, ат чабышка катышуу жагат. Андан сырткары балык кармоо да менин сүйүктүү ишим десем болот.
Маектешкен Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.