Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 19:37
0 ой-пикир

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 илдетине каршы аракеттенүү боюнча чаралардын алкагында Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей , медициналык кызматкерлерди колдоо үчүн 10 тоннадан ашык жеке коргонуу каражаттары кеди. ЖККнын партиясы 46 200 бет коргоочу калканычты, 14 600 коргоочу көз айнекти, 57000 халатты, 150 000 KN95 сериясындагы респиратордук бет капты өзүнө камтыйт. Мындан тышкары, ДССУ үлгүлөрдү алуу жана тестирлөө үчүн лабораториялык чыгымдоочу материалдардын запастарын (пробиркалар, мазок алуу үчүн тампондор, наборлор, реагенттер ж.б.) тапшырды. Гуманитардык жардамдын жалпы наркы 508 миң АКШ долларын түзөт.

Министрлик жеке коргонуу каражаттарын өлкөдөгү жыйырмадан ашык ооруканага бөлүштүрүүнү пландаштырууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.