Асрандиев: Кырдаал курч, бирок карантин киргизилбейт

Окуялар тизмеги 16 Июл 2020 08:22
0 ой-пикир

Өкмөттүн өлкөгө карантин киргизүү планы жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев “Азаттыктын” талкуусуна катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдөгү экономикалык ишмердикти чектөө менен карантин киргизүү жалпы абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн.

«Албетте, илдетке байланыштуу абал кескин түрдө оорлоп кетти. Бирок азыр экономикалык ишмердикти да токтотуп салсак оор болуп калат. Адамдардын жегенге наны жок калат. Ошондуктан, азырынча карантин киргизүү боюнча пландар жок! — деди ве-премьер.

Асрандиев учурда аймактарда бир катар санитардык чектөөлөр калып жатканын жана айрым бизнес өкүлдөрү өз алдынча ишмердигин токтотуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле акыркы кырдаалда мурдагыдай ПЧР-анализдин жыйынтыгы боюнча гана коронавирус жугузгандарды аныктоо туура эмес болуп калганын, учурда бул илдетти жугузгандар тест тапшыргандардан алда канча көбөйүп кетиши мүмкүн экенин да белгиледи.

Эскерте кетсек, март айынан бери пневмония оорусу менен 9204 адам ооруканага түштү, 571 бейтап каза болду.

Коронавируска жалпы 11977 кыргызстандык чалдыкты, 160 адам каза болду. Бийлик пневмония менен коронавирустун статистикасын бөлүп кароодо.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.