Өзбекстан Россиядагы жарандарын поезд менен чыгарып кетет

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 09:15
0 ой-пикир

Өзбекстан Россиянын Самара жана Оренбург облустарынан өзүнүн жарандарын поезд менен чыгарып кетет. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, «Өзбекстан темир жолдору» мекендештерин алып кетүү үчүн Россияга үч жолу каттам жасайт. Алардын көбү – коронавирус эпидемиясына байланыштуу орус-казак чек арасынан өтө албай калган эмгек мигранттары.

Самара жана Оренбург облустарында өзбекстандык эки миңден ашуун мигрант ара жолдо калды. Алар эки аптадан ашык убакыттан бери талаа лагерлеринде жашап жатышат. Ал жерлерде шарт жок, мигранттардын акчасы түгөнүүдө.

Өзбекстан май айынын аягында Самара облусунан 1200 жаранын чыгарып кеткен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.