Шайлоону добуш берүүчү жайдан сырткары уюштуруу сунушталды

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 13:22
0 ой-пикир

Парламенттик шайлоо өз учурунда өтүүсү керек. Мындай пикирди жарандык активист Мелис Эржигитов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын ою боюнча, шайлоо участкаларын мектептердин, бакчалардын жана университеттердин ичинде эмес алардын короолорунда, эки тараптан жел жүрүп турган жерлерге уюштурулуусу керек.

«Бул жумушту жасоого эч кандай тоскоолдук жок. Болгону гана БШК тиешелүү чечим кабыл алыш керек. Эч кандай кошумча акча каражат дагы кетпейт. Жергиликтүү бийлик болгону гана кошумча удлинителдер менен камсыз кылуусу керек», — деп жазды Эржигитов.

Мелис Эржигитов өкмөт башчынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчы кызматын көп жыл аркалаган.

Буга чейин бир катар парламенттин депутаттары жана коомдук ишмерлер эпидемиологиялык абалды эске алып, өлкөдө өзгөчө абал киргизүү аркылуу парламенттик шайлоону жылдырууну сунуш кылышкан. Социалдык түйүндөрдөгү талкууларда бул демилгени колдогондор да, «эпидемия учурунда шайлоо өткөрүү элди сыйлабастык болот» дегендер бар.

БШК шайлоону эпидемияга карабастан өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.