Коронавирустун жаңы 439 учуру катталды. Баткенде ооругандар көбөйдү

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 10:10
0 ой-пикир

Кыргызстанда 15-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 439 учур катталды. Анын ичинен аялдар — 259, эркектер — 162. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 11 миң 977 адамга жетти.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 172, Чүй облусу — 70, Ош шаарында — 53, Ош облусу — 30, Нарын облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 32, Ысык-Көл облусу — 14, Баткен облусу — 66, Талас облусу 1 адам.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү Баткен облусунда коронавирус жуккан адамдардын саны кескин көбөйгөнү байкалууда. Тактап айтканда, 12-июлда — 34, 13-июлда — 43, 14-июлда- 21, 15-июлда эң жогорку көрсөткүч 66 адам катталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.