Эрдоган кыргыз элине жана Жээнбековго кат жолдоду (текст)

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 16:52
0 ой-пикир

Түркия Республикасы COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам кылууну улантууда. Бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы менен Стамбулдан гуманитардык жүк келди.

Анда учурда абадай керек болуп жаткан медициналык жабдыктар жана дары-дармектер бар:

  • өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 (ИВЛ) аппарат;
  • 50 кычкылтек концентратору;
  • 20 миң ПЧР-тест;
  • 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
  • 50 миң N95 коргоочу бет кап;
  • 100 миң хирургиялык бет кап;
  • 35 миң коргоочу костюм;
  • 2 миң бет кап – козыректор;
  • 10 миң таңгак гидроксихлорохин дарысы.

Бул колдоо 6-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, боордош өлкөнүн башчысы кыргыз элине жана Жээнбековго жеке өзүнөн атынан кат жолдогон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.