Түркия Республикасы COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам кылууну улантууда. Бүгүн, 15-июлда «Turkish airlines» авиакомпаниясынын учагы менен Стамбулдан гуманитардык жүк келди.
Анда учурда абадай керек болуп жаткан медициналык жабдыктар жана дары-дармектер бар:
- өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 (ИВЛ) аппарат;
- 50 кычкылтек концентратору;
- 20 миң ПЧР-тест;
- 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
- 50 миң N95 коргоочу бет кап;
- 100 миң хирургиялык бет кап;
- 35 миң коргоочу костюм;
- 2 миң бет кап – козыректор;
- 10 миң таңгак гидроксихлорохин дарысы.
Бул колдоо 6-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, боордош өлкөнүн башчысы кыргыз элине жана Жээнбековго жеке өзүнөн атынан кат жолдогон.