COVID-19: соңку суткада үйдө дарыланган 228, ооруканаларда жаткан 91 бейтап айыкты

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 10:48
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир сутка ичинде 91 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

«Сутка ичинде Бишкек шаарынан — 41, Чүй облусунан — 19, Ош шаарынан — 5, Ош облусунан — 6, Жалал-Абад облусунан — 5, Баткен облусунан — 1, Нарын облусунан — 11, Ысык-Көл облусунан — 2, Талас облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3660 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 228, жалпысынан 1654 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 5314 кишини түздү «, — деп билдирди ал.

Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 439 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11 миң 977ге жетти. Коронавирус жуктурган 160 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.