Кыргызстанда эмне үчүн пневмония менен коронавирустан каза болгондор экиге бөлүп эсептелип жатканы түшүндүрүлдү. 14-июлдагы онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов мындай статистика дүйнөлүк практика экендигин айтты.
«Бул маселени Саламаттык сактоо министрлигинин алдына койдук. Алардын айтымында дүйнө жүзүндө ушундай статистика жүргүзүлөт экен. Кайсы бир убакта балким, чогултууга туура келет. Азыр аны бөлүп саноонун эч кандай оорчулугу жок», — деди Өкмөт башчы.
Боронов пневмонияны коронавирустун өтүшкөн формасы деп түшүнөрүн белгиледи.
«Адистердин айтканын караганда, коронавируска ишенбей, көңүл бурбай жүрүп отуруп ошонун өтүшүп кеткен формасы. Мен ушундай деп түшүнүп турам», — деп кошумчалады премьер-министр.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 11538 адамдан табылды, алардын ичинен 149 бейтап кайтыш болду. Ал эми март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 497 адамга жетти. Өлкө бийлиги пневмония менен ооругандарды СOVID-19га кабылгандардын расмий статистикасына кошкон жок.