Бишкектеги түнкү стационарлар алгачкы бейтаптарды кабыл алды. ФОТО

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 09:46
0 ой-пикир

Бишкекте ачылган түнкү стационарлар алгачкы бейтаптарды кабыл алууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриянын билдирүүсүнө караганда, эки түнкү стационар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ишкерлердин колдоосу менен ачылды.

«Бүгүн саат 21:00дөн тарта түнкү санитардык бөлүмдөр бейтаптарды кабыл алуунун баштады. Бул стационарлар түнү бою иштеп, эртең мененки саат 9:00гө чейин ачык болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стационарлардын бири 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан, бул жакта 120 орун бар. Экинчиси болсо Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында жайгашып, мында 100 орун даярдалган.

Түнкү стационарлардын ишине медиктер, медайымдар жана санитаркалар тартылган. Шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн атайын мобилдик дарыканалар ачылган.

Мэриядан кошумчалашкандай, бул стационарларда алгачкы медициналык жардамды жашаган жерине карабастан бардык жарандар, ошондой эле Чүй облусунун жашоочулар да ала алышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.