15-июль: пневмониядан — 74, коронавирустан 11 бейтап көз жумду

Окуялар тизмеги 15 Июл 2020 10:23
0 ой-пикир

Сутка ичинде коронавирустан 11, пневмониядан 74 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында – 1 (эркек, 63 жашта), № 1 Шаардык клиникалык ооруканасында – 1 (эркек, 64 жашта), Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында – 1 (аял, 72 жашта), Улуттук фтизиатрия борборунда – 1 (эркек, 64 жашта), Жайыл аймактык ооруканасында – 2 (аялдар – 54, 61 жашта), Баткен облустук ооруканасында – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта), Ноокат аймактык ооруканасында – 1 (аял, 53 жашта, медик), Тоң аймактык ооруканасында – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта) адам коронавирустан каза болду.

«Бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча жана Бишкекте 17 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 571 адамга жетти», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус жуккан учурлардын жалпы саны 11 миң 977ге жетти. Алардын ичинен 1980и медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5314 (үй изоляциясынан 1654) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 160 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.