Россиядан ПЧР тест-системалардын партиясы келди

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 08:55
0 ой-пикир

Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820 ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген.

Кыргыз өкмөтү Россия тарапка көрсөтүлгөн жардамга өз ыраазычылыгын билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.