Бүгүн Бишкекте ишкерлердин колдоосу менен эки түнкү стационар ачылды. Алар 7-кичи райондогу «ДСК» спорткомплексинде жана Фрунзе менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» ресторанында жайгашкан.
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационардын иши менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Өлкө башчысы белгилегендей, илдет менен күрөшүүдө медиктерди өзгөчө камкордукка алган ыктыярчылар колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат. Алардын активдүү жарандук позициясы менен стационарлар ачылууда.
«Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын эмгеги баа жеткис. Мындай уул-кыздарыбыз турганда илдетти жеңерибизге бекем ишенем. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дейт элибизде. Калк башына түйшүк түшкөндө ынтымакташа кол сунган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Элдин күчү биримдикте, ынтымакта жана тартипте экенин кошумчалады.
«Эгерде ар бир жаран коюлган талаптарды аткарса, анда биз жеңебиз. Көп нерсе жоопкерчилик жана тартиптен көз каранды», — деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков жана медициналык персоналга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалады.