Эс алчу убак эмес! Жайкы каникулда жүргөн депутаттарды жумушка кайтаруу сунушу түштү

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 09:38
0 ой-пикир

Учурда эс алууда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарын жумушка кайтаруу сунушу түштү. Эл өкүлдөрү Жанар Акаев менен Наталья Никитенко парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү талабы менен төрагага кайрылуу жөнөтүштү. Алар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, пневмония оорусунун күч алуусу депутаттардын жумуш орундарына кайтуусун талап кыларын белгилешти. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди.

«Мурдагы жыйындарда биз коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча өкмөттүн иши тууралуу көп жолу маселе көтөрдүк. Алардын баяндамалары менен маалыматтарын уктук. Бирок аягында бизге берилген маалыматтардын баары жалган болуп чыкты. Биз муну азыркы кырдаалда көрүп жатабыз. Кычкылтек концентраторлору, жасалма дем алдыруучу аппараттар, дары-дармектер жетишсиз гана эмес, жок болуп чыкты», — деди Жанар Акаев.

Депутат ошондой эле өкмөт азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн антикризистик план көрсөтпөгөнүн кошумчалап, бул маселелердин баары Жогорку Кеңештин отурумунда каралууга тийиштигин белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин парламент коронавируска каршы өкмөттүн иштери, пландары тууралуу маалыматты бир нече ирет уккан. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн иши парламентте “канааттандырарлык” деп табылган.

Башмыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы президенттин, өкмөттүн же парламент депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу менен төрага тарабынан чакырылат.

Учурда депутаттардын каникулга чыгып кеткени коомчулук тарабынан да катуу сынга алынууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.