Эркин интернет — пандемия маалында мамлекеттин жана президенттин шериги

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 14 Июл 2020 17:27
0 ой-пикир

Чолпон Ногойбаева — атайын Elgezit.kg үчүн

Кыргызстандын парламенти 25-июнда кабыл алган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Мыйзам президентке кол коюуга киргизилди.

Албетте, өлкө башчысына кызматтык каттарды, экспертизалардын жыйынтыктарын жиберишти жана аларда Мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгы тууралуу жазылган. Бирок, коронавирус пандемиясы өлкөдөгү абалды өзгөртүп, интернет жарандардын мобилдешүүсү жана уюшуусу үчүн эң башкы куралдардын бири болуп жатат. Жарандарсыз өлкө бул пандемия менен күрөшө албай калды көрүнөт. Эгерде “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Мыйзам кабыл алынса пандемиянын калкка тийгизген терс таасиринен арылуу кыйын болуп калышы мүмкүн.

Себеби бир нече жумадан бери Кыргызстанда социалдык тармактар, көз карандысыз интернет булактары байланышуу каналы гана эмес, жүздөгөн кишилердин өмүрүн алып, миңдеген адамдардын саламаттыгына коркунуч жараткан пандемиянын биринчи толкунуна каршы турууда курал болууда. Интернетти колдонуу менен жарандарыбыз уюшкандыкта иш алып барып, бири-бирине жардам берип, медицина кызматкерлерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле мамлекетке милдеттерин аткарууда көмөкчү болууда.

Мындан тышкары, интернеттин жардамы менен жалпы эл өз мойнуна мамлекеттик кызмат көрсөтүү милдетин да алууда:

Медициналык кызмат көрсөтүү боюнча:

  • Врачтар өз ыктыяры менен, акы албастан кеңештерди он-лайн түрүндө берип жатышат;
  • Социалдык тармактардагы маалыматтардын жардамы менен медайымдар үйгө барып укол жана тамчылатма дарыларды сайып беришүүдө, себеби ооруканалар толуп, киши батпай калган эле;
  • Дем алуу оорлогондо жардамга келчү жабдууну ижарага берүү да ушул интернет аркылуу ишке ашууда, себеби “Тез жардам” кайрылуулардын баарына чыгууга жетишпей жатат, Бишкекте күнүнө 5 миңге чейин кайрылуу болууда;
  • Ыктыярчылар “Тез жардам” кызматынын ишин аткарып, бейтаптарды ооруканаларга жеткиришүүдө;
  • Ыктыярчылар бейтаптарды жана врачтарды тамак-аш менен камсыз кылышууда;
  • Социалдык тармактар аркылуу компьютердик томографияга жана рентгенге түшүүгө “кезектерин” бири-бирине өткөрүп беришүүдө.

Дарылар жана жеке коргонуучу кийимдер менен камсыз болуу тууралуу:

  • Социалдык тармактар аркылуу кайсы жактан керектүү дарыларды алууга мүмкүн экенин билүүгө болот;
  • Ыктыярчылар дары каражаттарын алууга чыга албагандардын жана дарыканаларда кезекте тура албагандардын үйүнө жеткирип беришүүдө;
  • Медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу кийимдерди бекер беришүүдө;
  • Чет жакта жашаган кыргызстандыктар мекенине дары каражаттарын жиберишүүдө, себеби өлкөдө дары тартыш болууда жана фармацевттик компаниялар бааны жогорулатып жибергендиктен, ал баалар баарынын эле чөнтөгүнө чак келбей жатат.

Кыргызстандыктардын илдет менен уюшкандыкта күрөшүп жатканы башка өлкөнүн жарандарын таң калтырып, суктандырып жатат жана буга эркин интернеттин ролу чоң. Интернеттеги эркиндиксиз өлкө жарандарынын жардам берүүсү азая түшөт, көйгөй бир айылдан алыс чыкпай калат, демек, ооругандардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.

Пандемия абалында өлкө эмне кыла алат?

Авторитардык башкаруу жолу менен Кыргызстанда пандемияны жеңүү мүмкүн эмес. Кеп жарандардын эркиндикти сүйгөндүгүндө эмес, бул фактор мааниге ээ деңизчи, бирок башка нерсе үчүн, мисалы бийликте турган саясий фигураларды алмаштырууда. Кеп чоң көйгөйдү авторитардык ыкмалар менен чечүү ири институционалдык, каржылык, пропагандалык ж.б. булактарды талап кылгандыгында, андай булактар Кыргызстанда жок.

Кыргызстанда мамлекет пандемияны жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерин демократиялык ыкмалар менен жеңе албайт. Мисалы, Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө жумушсуз калган жарандарга жөлөк пул төлөнүп, бизнеске компенсация жана салыктык каникул берилип,  үйүндө оорулууларды карагандарга социалдык төлөмдөр төлөнүүдө. Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда Европа биримдигине мүчө өлкөлөр үчүн калыбына келтирүүчү фондду түзгөн Европа биримдигинен айырмаланып турган ЕАЭБден жардам алууга мүмкүнчүлүк жок. Бул фонддон биринчи кезекте жардамды Италия жана Испания, андан соң Польша, Франция, Греция, Румыния, Германия, Португалия, Чехия ж.б. өлкөлөр алышат. Калыбына келтирүү фондунан Испания өзүнүн ИДПсынын 11%ын түзгөн көлөмдө каржылык жардам сурап кайрылган.

Бизде бир гана жол бар – аз болсо дагы мамлекеттик колдоо менен өзүнө-өзү жардам берип, пандемиядан чыгуу жолдорун издеп жаткан калктын уюкандыгын айкалыштыруу. 

Бул нерсе азыр бизде жасала баштады. Бул жарандарга жана мамлекетке жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгерде президенттин колу менен интернет эркиндигинен ажырап калсак, анда пандемия оор кесепеттерге алып келет. Борбор Азиядагы СССРдин курамында болгон 4 өлкөнүн ичинен Кыргызстандын көрсөткүчтөрү өтө начар. Ооруну жуктуруп алгандардын саны Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга караганда бизде жогору. Ушул эле өлкөлөр менен салыштырмалуу айыккандардын саны дагы аз. Коңшуларга салыштырмалуу өлүм көп.

“Бийлик күчтүүбүз” деп өзүн-өзү алдоону токтотуп, медиктерге кысым көрсөтпөй, ыктыярчылардын ишине тоскоолдук кылып, маалымат таратуучу каналдарды көзөмөлдөөнү токтотуу керек. Бул утулууга жетелей турган стратегия, себеби азыр эркин интернет – президенттин жана мамлекеттин шериги.

Социалдык тармактагы жана көз карандысыз медиадагы сындардан коркпоо керек. Коомчулуктун сыны темирдей катуу авторитардык редимдер үчүн гана коркунучтуу. Кыргызстанда болсо бийлик бир гана кишинин колунда эмес, айтылбаган макулдашуулары бар саясий топтун колунда. Бул топтор социалдык институттар тарабынан колдоого алынып, каржылык капиталы бар жана чет жактан колдоо табышкан.

Мамлекетке, Өкмөткө, депутаттарга, аткаминерлерге ишенбеген, туугандарынан, досторунан, тааныштарынан алган маалыматка ишенген калкты сындап кереги жок. Медиктерди коркутуп же ыктыярчыларды маалымат платформаларынан ажыратуу эң чоң ката. Мындан мамлекеттик маалымат булактарына ишеним жогорулап кетпейт, болгону так эмес маалыматтардын саны көбөйөт. Маалыматтарды тактап, фейктер менен күрөшкөн көз карандысыз медиага жардам берүү натыйжалуураак болот.

Мыйзамдар мамлекеттик түзүлүшү, экономикасы, саясий системасы жана коомдук институттары Кыргызстандан айырмаланган өлкөлөдүн мыйзамдарын көчүрүп алуу жарабайт. Пандемия учурунда көздү жумуп copy paste кылуу мамлекеттин туруктуулугуна шек жаратуучу процесстердин жаралуусуна түртүп, бийликтеги саясий топтордун аброюна чоң доо кетирет.

Мамлекет интернет эркиндигинин азыркы нормаларын сактап, мамлекет башчысы болсо чуу болгон Мыйзамды кайра артка кайтарышы керек. Эгерде Мыйзам кабыл алынса мамлекет жана президент өзүнө өзү сокку урган болот. Аны демилгелеген жана “макул” деп добуш берген депутаттар пандемия менен араң жан күрөшүп жаткан мамлекеттик башкаруу системасын коркунучка кептеп коюшту.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.