ДССУ: Коронавирус пандемиясына байланыштуу абал мындан ары да оор болот

Окуялар тизмеги 14 Июл 2020 18:19
0 ой-пикир

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясына байланыштуу абал мындан ары да оор болот деп эсептейт.

Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебресиус “көптөгөн өлкөлөр туура эмес багытта баратканын” айтты. Ал вируска каршы күрөшүүнүн тастыкталган чаралары колдонулбаган өлкөлөрдө илдет жайыла берерин белгиледи.

Анын айтымында, милдеттүү түрдө сакталышы керек деген эрежелердин катарына беткап тагынуу, колду жууп туруу жана социалдык аралыкты сактоо кирет.

«Булар сакталбаса, жакынкы аралыкта жашоо мурдагы калыбына келбейт» — деди ал.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 13 миллиондон ашып, жарым миллионго жакын адам көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.