Бүгүн, 14-июлда эки мектеп директору кайтыш болду.
Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, алар Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору 54 жаштагы Элнура Музаева жана Оштогу Киров атындагы №4 орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева
54 жаштагы Музаева инсультка кабылып, шейшембиге караган түнү реанимацияда үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган. Ал эми 61 жаштагы Туташева Оштогу ооруканада пневмониядан каза тапкан.
Белгилей кетсек, март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду.