Тышкы иштер министринин орун басары Стамбулга консул болуп дайындалды

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 18:40
0 ой-пикир

Нурлан Абдрахманов Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Нурлан Абдрахманов 2017-жылдын сентябрь айынан бери тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.