Президент менен премьер-министр эпидкырдаалды онлайн талкуулады

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 19:17
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчысы бүгүнкү күндө негизги эки көйгөй катары — дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады. Ал соңку күндөрдө эл көп колдонгон бир катар дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын партиясы өлкөгө келгенин билдирди.

Кубатбек Боронов күндүзгү стационарлардын иштеринин натыйжалуулугун, азыркы тапта бардык муктаждар медициналык жардамды жана кеп-кеңештерди өз маалында алып жатканын айтты. Күндүзгү стационарларды ачуу боюнча мындай иштер өлкө аймактарында дагы каралып жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, ал азыркы убакта Бишкекте медициналык персонал менен камсыздалып жаткан эки түнкү стационардын ачылышы тууралуу маалымдады. «Семетей» обсервациясында реанимациялык бөлүм ачылып, шарттарын жакшыртууга көзөмөл күчөтүлгөндүгүн билдирди.

Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы жарандардын негиздүү нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи.

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлерин колдоо маселесине дагы өзгөчө көңүл бурду. Бардык ресурстарды мобилизациялоо менен медициналык кадрлар резервин толуктоо боюнча иш жүргүзүүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы вирус менен күрөшүүдө саламаттык сактоо системасын реформалоодо негизги талап болгон саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү жөнүндө унутпоо керектигин дагы бир жолу белгиледи.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков жарандардын компьютердик томографиядан өтүүсүнүн жеткиликтүүлүгүнө, мындай кызмат көрсөтүүнү мамлекеттик медициналык мекемелерде камсыз кылууга көңүл бурду.

Премьер-министр Боронов медициналык мекемелерди компьютердик томографиялык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Биринчи жарым жылдыкта мындай жабдуудан алтоо алынган, Бишкек боюнча азыркы тапта он эки жабдуу бар. Облустардагы медициналык мекемелерди мындай жабдуулар менен камсыз кылуу планда бар.

Ошону менен бирге тез жардам машиналарын сатып алуу жана абалы оор бейтаптар үчүн реанимациялык аймактарды көбөйтүү маселелери иштелип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.