Пневмония жана коронавируска чалдыккан аткаминерлердин абалы айтылды

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 11:42
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, алардын абалы канааттандырарлык.

“Министр жана анын орун басары Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Абдикаримов жана Үсөнбаевдин жумушка качан чыгары белгисиз, анткени алардын дарыгерлери бизге бул жөнүндө билдиришкен жок”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Акматова саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдо пневмония, анын орун басары Нурболот Үсөнбаевде коронавирус аныкталганын айткан болчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.