Эки прокурор пневмониядан каза тапты

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 14:40
0 ой-пикир

Прокуратура органдарынын эки кызматкери пневмониядан каза болду. Алар: Башкы прокуратуранын изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору 48 жаштагы Рустам Кожобеков жана Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору 50 жаштагы Эрмек Төрөкулов.

«Эрмек Төрөкулов прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып эмгектенип келген. Сезимтал жана сабаттуу, өз өмүрүн мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ишенимдүү жана ийкемдүү жолдош болгон. Рустам Кожобеков прокуратура органдарында 2005-жылдан бери иштеп келген. Ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде калмакчы. Маркумдардын жакындарына жана тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз», — деп айтылат мекеменин некрологунда.

Башкы прокуратура каза болгон эки кызматкери мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышканын кошумчалады.

Кыргызстанда жалпысынан коронавирустан 147, пневмониядан 452 адам каза болду. Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Саламаттык сактоо министрлиги бул оорудан өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошпой келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.