Баткен: жаңы стационар бейтаптарды кабыл ала баштайт

Окуялар тизмеги 13 Июл 2020 20:07
0 ой-пикир

Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коому өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте эки кабаттуу жаңы кеңсесинин имаратынын курулушун аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коомунан билдиришти.

“Күндүзгү стационарларга муктаждык жаралып жатканын эске алып, биз Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жаңы кеңсенин имаратында 50 орундуу күндүзгү стационар уюштуруу чечимин кабыл алдык. Жаңы имаратта бардык коммуникациялар тартылган, жууркан-төшөктөр бар”,- деп билдирет Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коому.

Жакын арада стационар бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.