ЖКнын вице-спикери пневмонияга кабылды

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 14:50
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева пневмония менен ооруп жаткандыгын кабарлады. Бул тууралуу депутат Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Достор, 10-12 күндөн бери covidдин белгилери болуп, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тест отрицательный чыкканы менен, 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө бардык укол, дарыларды алдым. Жакшымын, буйруса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөну текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!» — деп жазган Касымалиева.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл пневмония оорусуна кабылгандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Акыркы суткада өпкөсү кагынып каза болгондордун 41 адамды түздү. Алардын 19у Бишкекте, калгандары аймактарда. Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 423 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.