ВИДЕО: Чубак ажынын сөөгү жерге берилди

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 08:28
0 ой-пикир

11-июлда дин аалымы, Кыргызстандын экс-Муфтийи Чубак ажы Жалиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлдү. Анын сөөгү кичи мекени Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында жерге берилди.

Коштошуу иш-чарасына 20 миңге жакын адам келген. Сөөк маркумдун жакын туугандары тарабынан жерге берилди. Аалым апасынын жанында коюлду.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов 11-июлга караган түнү оор абалда Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Чубак ажыга эки тараптуу пневмония өрчүп, дем жетишсиздигинин үчүнчү даражасы деген диагноз коюлган. Мындан сырткары, бейтап кант диабетинен да жабыркап келген. Тилекке каршы, реанимациялык аракеттерге карабастан саат 2.50дө каза тапкан.

Фото, Видео: Media Center

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.