Россияда коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 12:20
0 ой-пикир

Россияда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

«Сеченов медицина университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады», — дейт университеттин Трансляциондук медицина жана биотехнология институтунун директору Вадим Тарасов.

Ал ошондой эле вакцина сайдырган адамдар узак убакыт обочодо болгондуктан аларда көйгөйлөр жаралып, жардамга психологдор келгендигин кошумчалады.

Ал эми Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев ал изилдөөдө дарыны колдонуу адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин билүү зарыл болгондугун айтты.

Эске сала кетсек, июндун ортосунда РФтин Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы аскер госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.