Нарын облусунда жер титирөө катталды

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 09:38
0 ой-пикир

Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн таңкы саат 06:28де Нарын облусунун аймагында катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов, Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.