Финпол: дарыларды кымбат баада саткандар кармалды

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 20:42
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) дарыларды кымбат баада сатып жаткандарга карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дары-дармек каражаттарына жана медициналык жабдыктарга бааны негизсиз кымбаттатууну жоюуга багытталган туруктуу түрдө рейддер уюштуурулууда.

Анда атайын уруксат кагаздары жок жеке тараптардын дары-дармектерди кымбаттаган баада сатып жаткандыгы боюнча бир катар фактыларды табышты.

Финполициянын кызматкерлери “Клексан” дарысын шаардын бир нече жеринен 8 миңден 14 миң сомго чейин кымбаттатып жиберген учурларын аныкташты.

«Учурда алып сатарларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Финполиция жашоого маанилүү дары-дармектерди баасынан ашыкча кымбаттатып сатуу менен алектенген кара ниет “кызыл кулак” жарандарды учурдагы жагдайды пайдаланбоону жана элдин эсебинен “байып” кетпөөнү эскертет. Алып сатарлык фактыларына катуу бөгөт коюлат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.