Депутат бийликти басып алууга үндөгөнбү? УКМК эмне дейт

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 21:04
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун үнү делген аудио тарап, анда сүйлөгөн киши бийликтин аракетсиздигин катуу сынга алган. Бул аудио боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштирүү башталганын маалымдады.

Атайын кызмат мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн бузууга чакырган аудио боюнча экспертиза дайындаларын билдирди. Анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, чара көрүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров УКМКдан билдирүү келе электигин, кайсы аудио жөнүндө сөз болуп жатканын билбей турганын “Азаттык” радиосуна айтып берген.

“Кечээ ооруп жаткан Бейшен Дүйшембиев деген досумду үйүнө кирип өлтүрүп кетишти. Ошону уккандан кийин “Эмне болгон мамлекетте жашап жатабыз?” дедим. Өзүм да ооруп жатам. Менин эмне деп сүйлөгөнүм тарап жатканын билген жокмун. Мен бийликке каршы чыгам деген жокмун, «Ушу бийлик эмнеге иштебей жатат?» дедим. Эми каршы чыккандан деле кайра тартпай калдык окшойт. Эмне болуп атат? Ооруп жаткан кишини үйүнө кирип өлтүрүп жатышат. Биз бандиттерди «жардам берди» деп мактап чыгарып атабыз”, — деди депутат.

Эске сала кетсек, Бишкек милициясы карактоо учурунда үйүндө өлтүрүлгөн жаран боюнча тергөө жүрүп жатканын маалымдаган. 

Видео: Репортер

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.