Бишкекте карактоо болуп, үйдүн ээсин өлтүрүп кетишти

Окуялар тизмеги 12 Июл 2020 10:14
0 ой-пикир

11-июлда Бишкектин Нарвская көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу каракталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-июлда саат таңкы төрт чамаларында 20-30 жаштагы белгисиз адамдар үйдүн 1-кабатындагы терезени талкалап кирген. Алар күч колдонуп Д.Б аттуу үйдүн ээсин колун байлап, баштыктагы жана 2-кабаттагы сейфтеги акчасын алып кетишкен. Карактоонун кесепетинен үйдүн кожоюну көз жумган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (“Карактоо”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда каракталган акчанын суммасы такталып жатат.

Ал эми кылмышка шектүүлөрдү тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.