Жалдагы ооруканага берилген акча сол чөнтөккө кетип жатабы?

Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 15:20
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Камчыбек Узакбаев жетектеген Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борбордун медайымынын Ватсапп тармагындагы билдирүүсү кызуу талкуу болуп жаткан учур. Билдирүүнү Facebook колдонуучусу Анара Касымбекова жарыялаган.

«Бүгүн мен Жал ооруканасында иштеген медайымдын таанышынын өтүнүчү боюнча пост жазгым келип жатат. Ал өзү жаза албайт, айта албайт, коркот. Айтыңызчы, катардагы медайым Бабанов медиктерге берген акчасынан берилиш керектигин же жоктугун кантип аныктай алат?” деп сурайт ал.

Бул постко анонимдүү медайым менен кат алышуу тиркелет. “Мен максималдуу репост сурайм, мүмкүн болушунча көп адамдар көрүшсүн. Элестет, Өмүрбек Бабановдун Эне жана баланы коргоо борборуна дарыгерлерге, медайымдарга деп которгон акчасын биздин администрация, профсоюз жана бөлүм башчылар өз ара бөлүшүп алышыптыр”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, саясатчы Өмүрбек Бабановдун аталган ооруканага көрсөткөн жардамы боюнча Кыргызстан коммерциялык банкынын өкүлү төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бишкектеги уюмдардын бардыгына COVID менен ооругандарды дарылап жаткан кызматкерлердин тизмелерин берүү өтүнүчү менен расмий кат жөнөтүлгөн (баардык ооруканаларга эмес), жана биз алардан расмий жоопторду жана тизмелерди алдык. Тактап айтканда, Эне жана баланы коргоо борбору 125 адамдын тизмесин берген, аларга 895 000 сом которулган. Бардык эсептер текшерилген, алар кызматкерлерге, анын ичинде санитарларга, медайымдарга, лаборанттарга, дарыгерлерге таандык болгон жана акчалар Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин эсебинен чегерилген. Тилекке каршы, биз бул тизмелердин кантип түзүлгөнүн көзөмөлдөй албайбыз.”

Балдарды жана энелерди коргоо боюнча улуттук борбордун башчысы Камчыбек Узакбаев окуя боюнча комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.