Атам сурактан кийин реанимацияга түштү, — Эркин Чолпонбаев

Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 12:06
0 ой-пикир

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Финполдун сурагынан кийин, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү.

Бул тууралуу анын уулу Эркин Чолпонбаев билдирди.

«Менин атам Космосбек Чолпонбаев ооруп үй шартында дарыланып жатканына карабай финполициянын суроолоруна жооп бериш үчүн барган. ГСБЭПтен чыккандан кийин шейшемби күнү түнкү саат 12. 00де чыдабай калганынан тез жардам чакырып, ооруканага жеткирдик. Республикалык кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнө түшкөн. Дарыгерлер 2 тараптуу пневмония, 2-типтеги кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу деген диагноз коюп дарылап жатышат. Улуу баласы катары айтаарым: менин атам коркуп жашынып жатып алчу киши эмес. Кудай буюруп сакайып чыкса, бардык суроолорго жооп берет, — деп жазган кичи-Чолпонбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Финансы полициясы мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эки ирет суракка келбегенин билдирген.

Сурак коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо фактылары боюнча саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.