Экс-министр Космосбек Чолпонбаев суракка экинчи ирет келген жок

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 17:22
0 ой-пикир

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев экинчи ирет суракка келген жок. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, Чолпонбаев 9-июлда суракка чакырылган, бирок ден соолугуна байланыштуу бара албай турганын билдирген. Мурдагы министр бул мекемеде биринчи суракта 6-июлда болгон.

«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатат»,- деп айтылат маалыматта.

Экс-министр өзү териштирүүлөр тууралуу комментарий бере элек.

Ал эми айрым ЖМКлар Космосбек Чолпонбаевдин жүрөгү кармап, ооруканага түшкөнүн кабарлашты. Андан пневномания оорусу да табылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.