Алтынай Өмүрбекова суракка эмнеге чакырылганын айтты

Окуялар тизмеги 11 Июл 2020 14:18
0 ой-пикир

Алтынай Өмүрбекова Финансы полициясына кайсы маселе боюнча суракка чакырылганын айтты. Бул тууралуу мурунку вице-премьер-министр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, сурак учурунда Кытайга гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча бир нече суроолор берилген.

«Мени «Өмүрбекова дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды башка өлкөлөргө саткан» деп айыптоого шашкан адамдар үчүн айткым келип жатат: Өмүрбекованын демилгеси менен пандемия мезгилинде дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салуу жөнүндө жарлык чыккан. Андыктан күнөөлөөдөн мурун маалыматты тактоо керек. Мени билгендер бир мүнөт дагы күмөн санаган жок деп үмүттөнөм, ал эми бул маалыматты манипуляциялоого аракет кылгандардын абийирлерине койдум. Азыр эң негизгиси вирусту жеңүү, калган нерсе маанилүү эмес. Өзүңөргө жана жакындарыңарга кам көрүңүздөр», — деп жазган Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, буга чейин Финансы полициясы экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди суракка чакырылганын билдирген. 

Сурак коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдоо фактылары боюнча саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата башталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.