Президент облус башчылары менен аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 17:05
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, жыйында Коопсуздук кеңешинин облустардагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Аймактардын жетекчилери жер-жерлерде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар, калкка медициналык кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат беришти.

Президент аймактар түзүлгөн кырдаалдан сабак алышып, бардык тобокелдиктерди өз убагында алдын алуулары керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы бардык медиктерди, ооруканаларды, күндүзгү стационарларды жана обсервациялык аймактарды зарыл болгон коргоочу каражаттар, жабдуулар жана дары-дармектер менен толук түрдө камсыздоосу зарыл экендигин баса белгиледи.

Айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле аптекаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду. Мамлекет башчысы дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды.

«Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат», — деп баса белгилеген Президент, мындай учурларда элдин башын айландырган маалыматтар таркай баштаарын да кошумчалады.

Мамлекет башчысы алдын алуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

«Эл арасында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, изоляция шарттарын, бет кап тагынуу режимин сактоо  зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүшү керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бишкектен аймактарга элдин агымынын көбөйүшүнө көңүл буруу менен облустарда күндүзгү стационарларды уюштуруу зарылдыгын белгиледи.

«Өзгөчө жай мезгилинде Ысык-Көл облусунун туристтик аймактары популярдуу болот, андыктан облус башчылары, район акимдери, айыл өкмөттөрү жана башка жетекчилер күчөтүлгөн режимде иштеп, эс алуучуларга шарттарды түзүп бериши керек», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башысы ошондой эле жер-жерлерде дезинфекциялык иштерди күчөтүү керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге экономикалык сектор менен айыл чарбасы маселелерин унутта калтырбоого чакырды, объектилерди, айрыкча ооруканаларды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, Президент ыктыярчылар менен натйыжалуу иш алпарууну жолго коюу зарылдыгын баса белгиледи.

«Бизде мындай кыйынчылыктарда дайыма жардамга кол суна турган татыктуу балдарыбыз жана кыздарыбыз бар. Мындай ыктыярчылар менен натыйжалуу иштешүү керек. Алар — чоң күч. Дарыгерлерге камкордукту күчөткүлө, аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кылгыла», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.