Элчи Бекназаров Малайзиянын королуна ишеним грамотасын тапшырды

Окуялар тизмеги 10 Июл 2020 16:17
0 ой-пикир

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров король Абдулла II ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, грамота тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Малайзиянын Улуттук сарайында өткөн.

«Жолугушуунун алкагында элчи Бекназаров Кыргызстан Малайзия менен ар тараптуу кызматташууга умтула тургандыгын билдирди. Өз кезегинде Малайзиянын королу элчини дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын ишмердүүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын өнүгүшүнө чоң салым кошоруна ишеним билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Ишеним грамота тапшыруу аземине Азимбек Бекназаров кыргыздын улуттук кийими болгон чепкен жана калпак кийип барган. Элчи мырзанын бул тышкы келбети социалдык тармактарга талкууга жем таштады. Айрымдары ал дипломат катары костюм, фрак же смокинг кийиши керектигин айтса, айрымдары туура көрүп колдоого алышкан.

Эскерте кетсек, Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылдын 26-декабрында дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.